• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Алай” футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 18.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өлкөнүн чемпиону “Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сейитбек Аматовду, оюнчуларды жана машыктыруучуларды кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кадырбаев команданын курамын быйылкы жылы да мөөнөтүнөн мурда чемпион болушу менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.

“Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу”,-деди калаа башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө, “Алай” командасы шаар мэрине жеңишти алып келген топко кол тамгаларын түшүрүп, белекке беришти.

Эске салсак, кечээ 17-сентябрь күнү “Алай” футболдук командасы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Канттын “Абдыш-Ата” командасын кабыл алып оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Бул жыйынтык Айбек Татановдун командасына 41 упай алып келип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталышты.

Пикир

Оставить комментарий