• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Алай" клубунун оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай жатканын айтып, мэрияга кайрылышты

Спорт 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. "Алай" футболдук клубунун оюнчулары жетекчиликтин ишине нааразы болуп, Ош шаардык мэриясына кайрылышты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 16-июнда футболчуларды кабыл алды.

Мэриядан билдиришкендей, карантин учурунда футболчуларга айлык акылар берилген эмес. Мындан тышкары, легионерлердин жана республиканын башка шаарларынан келген оюнчулардын жашоо шартын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Оюнчулар клубдун жетекчилигин кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.

Сарыбашов оюнчуларга көйгөйдү чечүүгө убада берди.

Ал эми "Алай" клубунун жетекчилиги боюнча атайын комиссия түзүлмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий