• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Алай районунда бала бакча жана футбол талаасы колдонууга берилди

Аймак 0

Ош, 28.11.19. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда бир нече объект колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алай районунун Сопу-Коргон айылында футбол талаасы салынып, колдонууга берилген. Ага жергиликтүү бюджеттен 4 млн 113 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, Жергетал айылында 30 орундуу бала бакча пайдаланууга берилген. Анын курулушуна 1 млн 800 миң сом сарпталган.

Ал эми Таргалак айылына суу тартылган. Ага республикалык бюджеттен 5 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий