• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алай районунда “Бирдиктүү алдын алуу күнү" өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Алай районунда жарандарга кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Алай РИИБинин башчысы А.Мурзалиев, Сопу-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы У.Ыдырысов милициянын участкалык кызматкерлери, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Каракол айылында “Бирдиктүү алдын алуу күнүн" өткөрдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө айыл жашоочуларына жолугуп, алардын ой-пикир, арыз-даттанууларын кабыл алышты. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Каракол айылынын жашоочулары арзан пайыздагы насыялар, жумушсуздук, турак жайды документтештирүү, балдардын жөлөкпулдарын документтерди тапшыруу боюнча кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышты. Айтылган маселелер боюнча каттар тиешелүү органдарга жиберилди.

Алай РИИБинин башчысы Мурзалиев жарандарды кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо, мал уурулуктун алдын алуу жана өлкөдө болуп жаткан жугуштуу коронавирус илдетин жуктурбоо боюнча санитардык эрежелерди так сактоого чакырып кетти.

Пикир

Оставить комментарий