• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Алай районунда жер титирөө катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн 20-мартта саат 11:08 чамасында Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик, Нура айылдарында 3 баллга, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий