• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, бүгүн 22-августта саат 09:49дар чамасында республикабыздын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий