• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алай районунда кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Алай районунда кар көчкү түшүп, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 19:20 чамасында Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү 14 миң 400 куб метр), унаа жол жабылган.

Тазалоо иштерине 2 жүктөгүч, 1 Унимог Алай РМАнын башчысы-аким жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

30-март күнү тартылган техникалардын жардамында саат 14:00дө унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий