• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алай районунда Lexus жана Toyota унаалары кагышып, эки адам каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында Lexus-570 жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши каза болуп, үч жүргүнчү жабыркаган.

"Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий