• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алайда сабакта отурган балдар түтүнгө ууланышкан

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда С. Ашимов атындагы мектептин окуучулары сабак маалында көмүр исине ууланышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, баардык окуучулар көзөмөлгө алдынды, абалдары канааттандырарлык.

Айылда жергиликтүү бийлик органдарынын, билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү кирген мекемелер аралык штаб түзүлүп, алар жагдайды байкоого алышкан.

Уулануу кечээ, 29-январда болгон. Сабакта отурган 23 окуучунун 11и ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү балдарды ата-энелери үйүнө алып кетишкен.

"Учурда жергиликтүү бийликтер көмүрдү алмаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Эртеңден тарта мектеп окуучулары сабакка келе башташары пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий