• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери толук аяктады

Аймак 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери толук аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-апрелде саат 09.00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында жайгашкан 1 турак үйдүн жер төлөөсүн, Биринчи май айылынын Олжоке тилкесинде 1 турак үйдүн жер төлөөсүн, 5 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Жерине Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ жана 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий