• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда саат 16:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Корул айыл аймагындагы 174 турак үйдүн короолорун, анын ичинен 32 үйдүн жер төлөөлөрүн жана 1 ФАПтын короосун суу каптаган.

Кооптуу деп табылган 2 турак үйдүн тургундары (22 жаран) туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.

Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, жараксыз абалга келген жана 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу үчүн кайондук ЖК комиссиясы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 150 адам, ӨКМден 2 трал, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 самосвал, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан ЖТИден 1 экскаватор, 1 грейдер, 3 самосвал тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий