• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алай районунда жер көчкү боз үйдү басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Алай районундагы Жыгач-Арт жайлоосунда жер көчкү боз үйдү басып калды. Кырсыктан жабыркагандар болбогондугун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жер көчкү 19-июнда болжол менен саат 22:00 чамасында болгон.

Ош облустук саламаттыкты сактоо координатору Эльмира Нарматованын айтымында, 2 чоң адам жана 2 жаш бала тез жардам менен айылга алынып келинген. Азыркы учурда үй-бүлө мүчөлөрү Ак-Босого айылындагы өз үйүндө. “Баарынын акыбалы канааттандырларлык, алар дарыгерлердин көзөмөлү алдында”,- деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Пикир

Оставить комментарий