• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алай районунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда жер титирөө катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

КР УИАнын сейсмология институтунун маалыматтары боюнча бүгүн, 5-февралда саат 05:03тө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Алай тоо кыркасында жайгашкан.

Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Бар-Дебе айылынан 30 чакырым түштүк-батышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым туштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштук-чыгышка карай жайгашкан

Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Бар-Дөбө, Сары-Могол,Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий