• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алай районунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болуп дагы төртөө жабыркады

Аймак 0

Ош, 30.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Алай районунда катталган жол кырсыгынан үч адам каза болуп, дагы төртөө жабыркады. Жол кырсыгы 29-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Карамык айылында Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 208-чакырымында катталган.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, “OpelMonterey” унаасынын артыңкы оң дөңгөлөгү жарылып кетип, айдоочу унаасын башкара албай, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.

Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен күнүнө орточо эсеп менен 3 адам каза болуп, дагы 20сы жаракат алат.

Пикир

Оставить комментарий