• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алай районунда жол кырсыгынан атасы жана эки баласы каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда эки жүк ташуучу унаа кагылышып, 3 адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облусунун ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 26-августка караган күнү түнкү саат 1:30 чамасында Нура айылдык аймагында жол кырсыгы катталган. Hyundai Porter жана ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн.

Аширбаевдин маалыматына караганда, Hyundai Porter унаасынын 63 жаштагы айдоочусу жана анын 38, 36 жаштагы эки баласы кырсык болгон жерде каза болушкан.

Экинчи унаанын 35 жаштагы айдоочусу жана 4 жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Алардын арасында 15 жана 16 жаштагы эки өспүрүм бар.

Кырсыктын кесепети такталууда.

Пикир

Оставить комментарий