• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Алай районундагы мектеп окуучуларына өрт коопсуздугунун эрежелери үйрөтүлдү

Аймак 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Алай районунундагы №5 орто мектепте өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул машыгуунун максаты өрт кырсыгынын алдын алуу, калк арасында өрт коопсуздугунун эрежелерин кеңири жайылтуу, өспүрүмдөрдүн жана жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө багытындагы иштерди күчөтүү болуп саналат.

Машыгууга ӨКМнин Алай районундагы бөлүмүнүн өздүк курамы, Алай - Чон-Алай райондору боюнча экологиялык коопсуздук инспекциясынын өздүк курамы, медицина кызматы, Алай району боюнча жалпы мектептердин директорлору жана мугалимдери, мектеп окуучулары катышышты.

Машыгуунун жүрүшүндө мектептин 2-кабатында чыккан өрттү өчүрүү жана окуучуларды коопсуз жайга туура эвакуациялоо жолдору практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Машыгуунун катышуучуларына өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий