• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Алай районунун эки айылын сел суулары каптады

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Алай районунун эки айылын сел суулары каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 25-апрелде саат 09:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Тогуз-Булак жана Биринчи май айылындарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий