• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алай: Шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жолду жаап калды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 135-чакырымында шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сел кечээ, 4-июнда болжол менен саат 18:00дөр чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдан кийин жүргөн.

“Жерине атайын техникалар тартылып, унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, бир тараптуу тазаланып, ачылган. Кеңейтүү иштери бүгүн улантылат”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий