• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда 4 метр тереңдиктеги аңга түшүп кеткен жаран куткарылды – ФОТО

Аймак 0

Бишкек. 20.02.19 /Кабар/. Алай районунда 4 метр тереңдиктеги аңга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн саат 11:54 чамасында Гүлчө айылынында турак үйдүн короосунда 40 жаштагы А.А. аттуу жаран кудук казып жатып, төрт метр тереңдиктеги аңга түшүп, үстүн шагыл басып калган.

Үч мүнөттүн ичинде кырсык болгон жерге 5 куткаруучу жана фельдшер барган.

Кудуктун ичи тар болгондуктан, бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгып, кылдаттык менен тазалаган.

Саат 15:36 кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жарандын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий