• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алайда 62 жаштагы жарандын сөөгү дарыя жээгинен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө дарыясынын жээгинен 62 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "102" кызматына дарыянын жээгинде эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган куткаруучулар 1958-жылы туулган эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий