• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алайда даткаларды даңазалаган театр фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Алымбек Датканын 220, Курманжан Датканын 210 жана Алай музыкалык-драма театрынын 75 жылдыгына карата республикалык «Тоо театрларынын I фестивалы» өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чараны Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры менен биргеликте уюштурууда.

Фестиваль 2021-жылдын 29-30-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Т. Ажибаев атындагы музыкалык-драма театрынын базасында өтөт.

Ага Өзбекстан Республикасынын Наманган облустук музыкалык-драма театры, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры, К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры, Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрлары катышат.

Фестиваль, тарыхый инсандардын жана тоолуу жердеги профессионал театрдын мааракесине арналып өткөрүлөт. Максаты кийинки муундарга улуу инсандардын ысымын жеткирүү жана салттуу иш-чарага айландыруу болуп саналат.

Ошондой эле, театр сахнасынын жашоосундагы тарыхый чындыкты, актердук-режиссердук, жалпы эле сүрөткердик чеберчиликте тоолуктардын жашоосун, менталитетин көрүүчүлөргө түздөн-түз жеткирүү, калктын калың катмарына маданий-агартуу, жаркын маанай тартуулоо, театр өнөр чеберлери менен элеттик көрүүчүлөрдүн искусство майданында маданий алакасын түзүү, руханий дөөлөтүн арттыруу, чыгармачылык ишмердүүлүгүнө дем берүү жана театр ишмерлеринин тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүүгө багытталат.

Төмөндө маданий иш-чаранын толук программасы берилет:

2021-жыл, 29-сентябрь

11:30 – 12:30 Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын С. Жетимишовдун «Амансыңбы, апаке» аттуу спектакли;

14:00 – 15:00 Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театры, драматург Табылды Актандын «Баатырдын төрөлүшү» аттуу спектакли;

18:00 – 18:30 Алымбек датка менен Курманжан Датканын эстеликтерине гүл коюу аземи;

18:30 – 19:30 Театралдык жүрүш жана фестивалдын салтанаттуу ачылышы;

19:30 – 20:30 Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры, драматург Жаныш Кулмамбетовдун «Алай жолборсу» спектакли.

2021-жыл, 30-сентябрь

9:00 – 10:00 Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры, Төлөгөн Касымбековдун «Кел-Кел» спектакли;

11:00 – 12:30 Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры, драматург К. Иманалиевдин «Актриса» спектакли;

14:00 – 15:00 Өзбекстан Республикасынын Наманган облустук музыкалык-драма театры, өзбек Эл жазуучусу Саид Ахматтын «Хасан Хусан» чыгармасынын негизинде «Таниш нусхалар» спектакли;

16:00 – 17:00 Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры, драматург Т. Касымбековдун «Кел-Кел» романынын негизинде инсценировкалан-ган «Кара көлөкө» спектакли;

19:00 – 21:00 Фестивалдын салтанаттуу жабылышы.

Пикир

Оставить комментарий