• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда болгон катуу шамалдан келтирилген чыгымды тактоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. 27-декабрда болжол менен саат 14:00 чамасында Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш, Үч-Дөбө айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 20-30 метрге жеткен шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо-иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Алардын маалыматына ылайык, Сары-Таш айыл аймагындагы Сары-Таш айылындагы К. Эсенов орто мектебинин 2-корпусунун чатырынын тыныкелерин кайрып, котелныйдын 20м2 чатырын, спорт залдын 5 даана шиферин, №21 «Алтын бешик» бала бакчасынын 20м2, 5 турак үйдүн 15 даана шиферин шамал учуруп кеткен. Ал эми Сары-Могол айыл аймагындагы Сары-Могол айылында 1 турак үйдүн чатырын толугу менен, Үч-Дөбө айыл аймагындагы Ак-Босого айылында кухнянын 30 даана шиферин, сарайдын 60м2 темир тыныкесин шамал учуруп кеткен. Тактоо иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий