• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Алайда дарыгерлер памирлик кыргыздардын саламаттыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 25.12.19 /Кабар/. Кечээ, 25-декабрь күнү Алайда Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери Афганстандан Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздардын саламаттыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, дарыгерлердин кароосунан чоңдор менен кичинекей балдар өткөн.

Эскерте кетсек, жакында Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына памирлик кыргыздардын 10 үй бүлөсү – жалпы 50 киши көчүп келген.

Пикир

Оставить комментарий