• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алайда дарыгерлердин тобу кырсыкка кабылып, бирөө каза болду

Аймак 0

Бишкек, 3-июль /Ислам Розиев - Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районунда доктурлардын тобу жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болуп, төртөө жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Жошолу айыл аймагында, мед кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп Аюу-Тапан жайлоосунан кайтып келатканда болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын бирөөсү Алай райондук ооруканасына жеткирилип, экинчиси ар кандай сыныктар менен Оштогу клиникалык бейтапканасына жеткирилген. Калгандары үйлөрүндө, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий