• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Алайда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-декабрда саат 03:02де Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында - 3,5 балл жана Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында - 3 балл сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий