• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алайда калыңдыгы 22 сантиметрге жеткен кар жаады

Аймак 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 27-июндан 28-июнга караган түнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында болжол менен саат 00:20да жамгыр жаап баштап, болжол менен саат 03:40тө жаан карга айланган. Кардын жаашы 28-июнь саат 12:35ке чейин уланып, кардын бийиктиги 22 сантиметрге жеткен.

“Ага байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тийиштүү жетекчилердин катышуусунда аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам түзүлгөн жагдайга байланыштуу тийиштүү чараларды көрүү максатында жыйын өткөрдү. Жыйында Сары-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулду. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча өз учурунда ыкчам чараларды көрүүнү тапшырылды. Ошондой эле адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМдин башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен тез арада алдын ала чараларды көрүү боюнча тапшырма берилди”, - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүрлөрү тууралуу маалымат тараткан.

Пикир

Оставить комментарий