• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда кар көчкү астында калган 14 жаштагы баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында 2-апрелде болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ал маалда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

“4-апрель күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпы 30 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери 5-апрель күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий