• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда кар көчкү жүрүп, үйлөргө 30 метр жетпей токтоп калган

Кырсык 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Ленин айыл аймагында 2017-жылдын 20-март күнү болжол менен саат 18:10 чамасында Мурдаш айылынын Ак-Талаа участкасында көлөмү болжол менен 2500м³ кар көчкү түшүп, ички чарбалык жол жабылган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдаш айылында болжол менен 200 кожолук жашайт (анын ичинен 2 кожолукка жол каттамы жок).

Айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, 2017-жылдын 21-март күнү 700м3 кар көчкү тазаланган. Тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий