• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алайда мас абалындагы 40 жаштагы жаран жардан кулап каза болду (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында бир жаран жардан кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 1978-жылы туулган Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну. Жардан кулаган кезде мас абалында болгон.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя бүгүн, 11-январда болжол менен саат 13:26 болгон.

“Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Алай райондук №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жансыз денесин алып чыгып РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий