• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алайда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулуп, колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Алайда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-октябрында Миграция кызматынын жетекчилиги астында Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык көнүгүү шаарчасына Нарын облусунан 6 үй-бүлө, Чүй облусунан 1 үй-бүлө, Алай районунун Сары-Могол айылынан 3 үй-бүлө көчүрүлүп барып, жаңы курулган үйлөргө жайгаштырылды.

Тактап айтсак, Миграция кызматынын демилгеси менен 2017-жылы Памирден 7 үй-бүлө же 33 этникалык кыргыз Кыргыз Республикасына көчүрүп келинген.

"Алгач памирлик кыргыздар Нарын облусуна жайгаштырылып, мектеп жашындагы балдар окууга тартылып, убактылуу батирлер менен камсыздалган. Памирлик үй-бүлөлөрдүн жашоо чыгымдары (тамак-аш, кийим-кече, коммуналдык чыгымдар, батир акылары ж.б.) бүгүнкү күнгө чейин Миграция кызматынын бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланып келди", - деп айтылат билдирүүдө .

2018-жылы Миграция кызматынын дагы бир демилгесинин натыйжасында КР өкмөтүнүн памирлик кыргыздарды колдоо тууралуу атайын программасы кабыл алынып, натыйжада афган кыргыздарын турак-үй менен камсыздоо иш-аракети жүзөгө ашырылган. Бул үчүн Миграция кызматынын бюджетинен жалпысынан 20 млн сом бөлүнүп, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн социалдык көнүгүү шаарчасында 11 турак-үй курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана алардын кошумча курулуштары, электрификациясы, жылуулук системасы кошо бүткөрүлдү.

Учурда бардык памирлик кыргыздар Кайрылман статусуна ээ болушкан жана мамлекет тарабынан берилүүчү бардык кепилдиктер менен (жөлөкпул, карылыгы боюнча пенсия, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, сүйүнчү пул ж.б.) камсыздалып келүүдө.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында жалпы 105 памирлик кыргыз жашаса, алардын сегизи Кыргыз Республикасына келгенде төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий