• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда тик учак кулаган жерге куткаруучулар жөнөп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районундагы Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жаагында (Арча-Бешик жайлоосу) тик учак кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, окуя бүгүн, 4-июнда болжол менен саат 13:48де катталган.

Ведомствонун маалыматына караганда, тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон.

Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та дагы 10 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий