• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда үй өрттөнүп, бир киши күйүп кетти — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районунда үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн болжол менен саат 13:33тө Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тилсиз жоо саат 13:44тө чектөөгө алынып, саат 14:04тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 102 чарчы метрди түзгөн.

"Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин күйүп кеткен сөөгү табылып, Алай райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда", - деп айтышты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий