• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда жаңы спорт зал ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Алай районундагы алыскы Аскалуу айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, айылда 70тей түтүн болуп, 800гө жакын калк жашайт. "Шарты катаал, район борборунан 60 чакырым алыста жайгашкан. Жергиликтүү элдин кубанычы чексиз. Спорт залды эми айыл тургундары менен кошо мектеп окуучулары да пайдаланышат", -деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов айыл тургундары, аксакалдар жана район активдери катышты.

Пикир

Оставить комментарий