• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда жаңы спорткомплекс жана эки бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда жаңы спорткомплекс жана эки бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жошолу айылында салынган спорткомплекстин курулушуна республикалык бюджеттен 14 млн 67 миң сом сарпталган. Ал эми Тогуз-Булак айылында жергиликтүү демөөрчүнүн демилгеси менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынган 75 орундуу бала бакчанын курулушуна 8 млн сом кеткен.

Ошондой эле Кум-Шоро айылында пайдаланууга берилген бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 8 млн 241 миң сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий