• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайда жалпы суммасы 20 млн сомду түзгөн жаңы спорт комплекси ачылды

Аймак 0

Ош, 15.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында 14-декабрда жалпы суммасы 19 млн 525 сомду түзгөн жаңы спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорт залдын долбоору 2012-жылы түзүлгөн, курулушка каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Спорт комплекстин ичинде машыгуу, күрөшүү бөлмөсү ошондой эле, волейбол жана баскетбол ойной турган аянтча бар. Андан сырткары жылуулук менен камсыз кылуу жабдыгы орнотулган.

Ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Алай районунун акими, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий