• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Алайда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 93-чакырымында “Тойота Ист” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки адам (1970-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши, 1971-жылы туулган Т.О. аттуу аял киши) каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып,милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий