• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайда жол кырсыгынан үч ага-ини каза болду

Кырсык 0

Ош, 27.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Алайдагы жол кырсыгынан үч бир тууган ага-инилер каза болду,-деп билдирет Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош-Иркештам унаа жолунун 54-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматка ылайык, “Лексус ЛХ-470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа аласалып кеткен. Учурда бардык керектүү экспертизалар жасалууда.

Маалыма болгондой, каза болгондор Марифовтор болуп чыккан. Алардыр бирөө Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенчүү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана мэрия аппаратынын кызматкерлери Марифов Тянь-Шанбек Жолборсхановичтин жана анын инилери Шарабидин менен Арабидин Марифовдордун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

“Алай районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылында болгон жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Каза болгондордун аза-кайгысын тең бөлүшөбүз”,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөттө Тянь-Шанбек Марифов

Пикир

Оставить комментарий