• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алайдагы сел: Жошолу айылында электр мамычалары жаңыланып, жарык берилди

Аймак 0


Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен селдин кесепетинен жарыксыз калган Алай районунун Жошолу айылына электр мамычалары жаңыланып, электр жарыгы берилди.

Мындан тышкары, жол тейлөө мекемесинин суранычы менен Ош облусунун башчысы техникаларды күйүүчү май менен камсыз кылып берди.

Белгилей кетсек, 3-май күнү жааган жаандан Ош облусунун Кара-Суу, кара-Кулжа жана Алай райондорунда сел катталган. Азыркы учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаал КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий