• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайга памирлик 10 үй-бүлө көчүп келди

Аймак 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына памирлик 10 үй-бүлө көчүп келди. Бул тууралуу Алай районунун тургуну Раимбек Мамасеитов билдирди.

Анын айтымында, памирлик кыргыздар жергиликтүү мектептин эски имаратына жайгашкан.

"Жергиликтүү тургундар конокторду жылуу тосуп алып, аларга жардам көрсөтүүдө. Алсак, памирлик кыргыздардын утурумдук жашоосу үчүн мектептин ичи оңдолгон. Ошондой эле тургундар конокторго кийим-кече, керектүү буюм-тайым жана тамак-аш беришүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Алайга жалпысынан 50дөн ашык памирлик кыргыз көчүп келген.

Пикир

Оставить комментарий