• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алайкуда кымыз жана туризм фестивалы өттү

Аймак 0

Ош, 10.06.19 /Кабар/. Ош облусунун Сай-Талаа айылындагы Алайку өрөөнүндө 7-8-июнь күнү кымыз жана туризм фестивалы өттү.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, туристтер жана жергиликтүү калк катышкан. Оштун эң кооз өрөөндөрүнүн бири конокторду кыргыз элинин улуттук суусундугунун эки күндүк майрамына чогулткан.

Алайку өрөөнүндө өткөн фестиваль жергиликтүү жамааттарды т+уризмди өнүктүрүүгө тартуу жана ошол эле учурда Оштун имиджин жогорулатуу менен кыргыз экономикасына жагымдуу таасирин тийгизет.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук оюн-зооктор, жаа атуу, төкмө акындардын катышуусу менен концерттик программа, Манас айтуу, бий жана жасалгалардын көргөзмөсү уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий