• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр кар жаады. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр болгон кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметр жааган.

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 42-чакырымынан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейинки (Кыргый чеги) аралыгы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн 6 техника иштеп жатат.

Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экендигин эскертет.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан райондун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына, туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын тобокелдүүлүгү айтылып, атайын баракчалар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий