• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алака түзүү: Кытайда Нарын облусунун мүмкүнчүлүктөрү тартууланды

Коом 0

Цзинань, 13.05.19. /Кабар/. Кытайда Нарын облусу менен Шаньси провинциясы ортосунда бир жакын алака түзүлөт.

Кытай менен Борбор Азиянын кызматташуусу форумунда Нарын облусу менен Шаньси провинциясынын ортосунда жакын алака түзүү боюнча меморандумга кол коюунун алкагында аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов сөз сүйлөдү.

"Нарын облусу мурунтан эле кытай тарап менен, алсак КЭРдин Кашкар аймагы жана СУАР Кызыл-Суу автономдук облусу менен тыгыз кызматташып келет. Биздин аймактын чек ара соодасын жана туризмди өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Нарын-Торугарт-Кашгар жолу 18 кылымда эле салынган. Бүгүнкү күн ал стратегиялык эл аралык унаа жолдорунун бири болуп, Кытайдын батыш райондоруна чыгуу перспективалары бар", - деди ал.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн түндүк жана батыш аймактарын бириктирген транзиттик унаа тилкелерин реконструкциялоо жана жол салуу иштери жүрүүдө.

"Транспорттук коридорлор, Азиянын түштүк-батышы менен Европаны бириктире турган "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол магистралы соода, инвестициялык жана экономикалык кызматташуунун өнүгүүсүнө өбөлгө болушу керек", - деди Кайыпов.

Аны менен бирге ал, Кыргызстандагы бизнес жүргүзүү үчүн болгон шарттарга токтоло кетти.

"Биздин республикада бизнес жүргүзүү үчүн жакшы шарттар бар: арзан электр энергиясы, квалификациялуу жумушчу күчү, бай минералдык запастар, жагымдуу климаттык шарттар, географиялык абалы, - деген Кайыпов, сөзүндө Нарын облусу тууралуу айта кетти. – Аймакта кой, жылкы, топоздун саны бир кыйла. Картошка, сабиз, сарымсак өңдүү жашылчаларды өстүрүүгө шарттар бар. Облуста суунун, анын ичинде жер асты, минералдык суулардын запасы бар".

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Цзинань шаарында Кытай менен Борбор Азиянын кызматташуу форуму өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий