• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Аламүдүн дарыясынан өтүүчү көпүрөнү куруу башталды

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндө Саякбай Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки жолду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Аламүдүн дарыясынан өтүүчү көпүрө курулат. Долбоорго ылайык, Сухэ-Батор көчөсү оңдоп-түзөдөн өтүп, жолдун эки тарабына тең туурасы 2,25 метрден болгон тротуар курулат. Учурда көпүрөнүн пайдубалын куруу иштери жүрүп жатат.

"Оңдоп-түзөө иштери бүткөндө, айдоочулар Ботаникалык бакчаны айланып өтпөй, С.Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө түз өтө алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кестек, оңдоп-түздөө жана көпүрө куруу иштери «Бишкек шаарынын көчө - жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Кытайдын «Кытай жол жана көпүрө» корпорациясынын гранттык каражаттарына жүргүзүлөт. Тапшырыкчы болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы саналат.

Оңдоп-түзөө иштерин курулуш, архитектура жана жер маселелери боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий