• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери коронавирустун алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу Чуй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Коомдук жерлерде милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнү-түнү иш алып барышууда.

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өз ден-соолуктарына кам көрүүгө, ар бир адам өзүнө жана башкаларга коркунуч келтирбөөчү эрежелер камтылган баракчаларды таркатышууда. Ал баракчаларда жугуштуу илдетти алдын-алуу эрежелери жөнүндө толук маалымат берилген. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн инфекциядан коргоо үчүн жасалуучу чаралар жазылган.

Райондогу санитардык-карантиндик посттордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Айдоочулар көчөлөрдө көп жүргөндүктөн алар менен түшүндүрүү иштери улантылууда.

"Унаа айдагандар үчүн коомдук жайларда жана көчөлөрдө жүйөлүү себепсиз жүрүүдөн жана жеке унааларда саякаттоодон убактылуу баш тартуу сунушталып, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда айдоочулардын көпчүлүгү илдетти алдын алуучу эрежелерди сакташып, антисептикалык каражаттарды дайыма алып жүргөндөрү алдын алуу иштери өз натыйжасын берип жаткандыгынан кабар берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий