• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аламүдүн районунда 14 жаштагы Белек дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Мамасабиров Белек Маркабаевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 14-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Өскөн-Ордо конушундагы жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 см, толук дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү футболка, жашыл түстөгү спорттук шым, жайкы бут кийим, кара түстөгү жайкы баш кийим.

Өзгөчө белгилери: оң ийининде жана колунда күйүктөн калган тырык бар.

«Белек Мамасабировдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0709 21-18-08,0550 34-33-63 0778 00-09-99 (издөө тобу)” , - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий