• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда 15 жашар Айназик Жыргалбекова дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Аламүдүн райондук ИИБ тарабынан дайынсыз жоголгон 2003-жылкы Жыргалбекова Айназик Жыргалбековна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыз Таш-Дөбө айылындагы Кашка-Суу көчөсүндө жашоочу. 2018-жылдын 9-июлунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, тармал, ийинине чейин, көзү күрөң.

Кийимдери: кара майка, ак шым жана ак кроссовки.

“Айназиктин кайда экенин билгендер болсо, Аламүдүн райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: дареги Бишкек шаары, Жибек-Жолук көчөсү – 68 же болбосо нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 36-35-27, 0(700) 67-55-56, 0(700) 20-96-66, 0(550) 51-09-05, 102”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий