• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аламүдүн районунда айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Константиновка айылына бара жаткан унаа жолунда Toyota ist үлгүсүндөгү унаанын 2003-жылы туулган С.Х. аттуу айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.

Унаанын ичиндеги бир жүргүнсүнүн буту кыпчылып калып, куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Кырсыктан жабыркаган айдоочу жана ичиндеги бир жүргүнсү жеңил жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий