• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБине Бишкек шаарынын 39 жаштагы жашоочусу Ш.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 00:00дөн 09:00гө чейинки убакыт аралагында Аламүдүн айылындагы көчөлөрдүн биринен анын "ДАФ ФТ" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоуунасынын 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Аламүдүн РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 23 жаштагы Л.А., 26 жаштагы У.Я. жана 33 жаштагы Р.А. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөрдүн ичинен 23 жаштагы Л.А. убактылуу кармоочу жайга камалып, Р.А. жана У.Я. аттуулардын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Шектүү Л.А.нын Аламүдүн районунун аймагында ушул сыяктуу дагы бир нече кылмышка катыштыгы бар экендиги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий