• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдө Россияга жумушка орноштурам деп акча алып, из жашырып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Чүйдө Россияга жумушка орноштурам деп акча алып, из жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына бир нече жаран арыз менен кайрылып, Россиядан жумуш таап берем деген алдоо жолу менен 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып, качып жүргөн Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүшкөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектүү делип Т.Ч. аттуу 23 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы алдамчылык боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталды.

"Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий