• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Д. аттуу жергиликтүу жашоочу арыз менен кайрылып, 2018-жылы бир нече адамдар ага Пригородное айылынан жер тилкесин алып беребиз деп, 490 миң сомун алып ошол боюнча из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облустук ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 50 жаштагы И.У. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин бир нече жолуп соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы такталган.

Шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий